Таласта каналга агып кеткен 3 кызды милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул окуя 21-майда Кырк-Казык айылында болгонун «Спутник» жазды.
Талас ОИИБинин кызматкерлери Эркин Койкумбаев менен Руслан Акматов жана жергиликтүү тургун Бактыгул Жаныбеков кыздарды байкап калып каналга секирип, аларды куткарып калышкан. Президенттин аймактагы өкүлү куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.











