SerepTV Logo

Таласта курман болгон куткаруучунун жубайына батирдин ачкычы тапшырылды

Таласта курман болгон куткаруучунун жубайына батирдин ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту. Адылбек Касымалиев курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи.

Курман болгон кызматкердин жеке турак жайы жок болгондуктан, Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн каржы каражаты бөлүндү. Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев курман болгон кызматкердин жубайына батирдин документтерин жана жаңы турак жайдын ачкычын тапшырды.

Лейтенант Аскар Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. 27-июнда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон. 

Президенттин Жарлыгы менен лейтенант Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн «Эрдик» ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.

SEREP MEDIA