Таласта Равшан Жээнбековду колдоо митинги өттү

Талас районунун Арал айылында мурдагы депутат Равшан Жээнбековду колдоо митинги өттү. Нааразылык акциясына 40ка жакын адам катышып, алар саясатчыны камактан бошотууну талап кылышты.

«Равшан Жээнбеков эмне кылмыш кылды? Балык башынан сасыйт. Бир нерсе уурдаганын далилдешсин. Ал эмне үчүн камалды? Биз президенттен Равшан Жээнбековду бошотууну талап кылабыз. Ал патриот, биздин көз алдыбызда чоңоюп, бейбаштык да кылган эмес. Кезинде ал кыргыз бийлиги үчүн көп иштерди жасаган”, — дешет митингчилер.