Таласта сүттүн арзан баасына байланыштуу жарандар топтолушту (видео)

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облусунун тургуну кайрылып, сүттүн баасына нааразы болуп жаткандар президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чыкканын билдирип, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, алар сүттүн арзан болуп жатканына нааразы болуп жатышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас менен Чүй облусунда сүттүн баасы маселе жаратып жатканын айтып чыккан. «Жаз келери менен сүт өндүрүүчү ишканалар баасын түшүрүп салды деген митингдер болуп жатат. Муну чечип берсек болот эле. 1 ай мурун баасы 32-34 сом болсо, апрель айынын башында 26 сомго түшүрүп салды. Элдин чөнтөгүнө оор болуп калды», деген ал.