Abank july
SerepTV Logo

Депутат Талас менен Чүйдө сүттүн баасы 34 сомдон 26 сомго түшүп кеткенин айтты

Депутат Талас менен Чүйдө сүттүн баасы 34 сомдон 26 сомго түшүп кеткенин айтты
Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас менен Чүй облусунда сүттүн баасы маселе жаратып жатканын айтып чыкты. "Мал менен алек болгон үй-бүлөлөрдүн нааразычылыгы сүт маселеси. Жаз келери менен сүт өндүрүүчү ишканалар баасын түшүрүп салды деген митингдер болуп жатат. Муну чечип берсек болот эле. 1 ай мурун баасы 32-34 сом болсо, апрель айынын башында 26 сомго түшүрүп салды. Муну маморгандар текшериш керек. Уй бакканга да каражат керек да. Сүт бул үй-бүлөлүк киреше. Элдин чөнтөгүнө оор болуп калды", - деди эл өкүлү.