Буга чейин социалдык тармактарда кондиционер оңдоп жатып токко урунуп, кулап түшкөн кишинин видеосу тараган.
Интернет колдонуучулары тарабынан «видео тартып жаткан адам жардам бербейт беле» деген комментарийлер айтылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кулап түшкөн кишинин тууганы кайрылып төмөндөгүлөрдү билдирди. “Видеодогу менин тууганым, портфолио үчүн видео тартып жатышкан экен. Баласы атасы кыймылдабай калган учурда тамашалап жатат деп ойлогон экен. Атасы кулап түшөрү менен эле чуркап барып, жардам көрсөткөн. Учурда тууганыбыздын абалы жакшы”,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram









