Abank
SerepTV Logo

Тамчыдагы аэропорттун шыбынан суу аккан видео. Түшүндүрмө беришти

Тамчыдагы аэропорттун шыбынан суу аккан видео. Түшүндүрмө беришти

Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жайгашкан аэропорттун шыбынан жамгырдын суусу агып жаткан видео менен бөлүшүп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tamchydagy-aeroporttun-shybynan-suu-agyp-jatkan-video-tarady/">бөлүшүп жатышат. Бул боюнча "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди.

"Кечээ Тамчы айылында мөндүр аралашкан жамгыр жааган. Мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен. Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок", - дешти.