«Таң атпай толтура бейтап». Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборундагы кезек

Бегимай Керимова аттуу Фейсбуктун колдонуучусу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы таңкы кезектин сүрөт, видеолору менен бөлүштү.

«Таң атпай Эне жана баланы коргоо борборунда ушундай кезек. Эшикте ооругандар өздөрү келип, баракка жазып кезекке турушат экен. Бул жактан кирип, каттоо жайынан кайра талон алышат. Ким кайсы дарыгерге келгени белгисиз. Айтор, ушундай. Кечээ чалсам «онлайн-кезек жок» дешти. Электрондоштуруу дейбиз, анын бири да жок», — деп жазды ал.