Куткаруучулар тарабынан Таш-Көмүр шаарынын 7 жаштагы тургуну изделүүдө. Бүгүн, 20-июнда издөө иштерин улантуу максатында жерине ӨКМден жалпы 26 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 14 адам тартылды.
15-июнь күнү саат 10:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы жана анын Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.