25-майда Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала оодарылган унаада калып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 19:30 чамасында Аксы РИИБге Кепел-Бел ашуусундагы жол четиндеги жарга Дэу Матиз унаасы түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
«Аксы районунун 1987-жылы туулган тургуну (аял) өзүнүн 2022 жана 2017-жылы туулган балдары менен Ош шаарынан Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар айылына апасынын үйүнө бармак болот. Ал унааны токтотуп, 2022-жылы туулган уулун унаадан алып чыкканда унаа кокусунан жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Унаада калган 2017-жылы туулган бала алган жараатынан каза болгон»,- деп айтылат маалыматта.