«Таш менен аш алып барып». Орусия элчилигинин алдына митингге чыккандарды милиция кармап кетти

Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын жанында Украинадагы агрессияга каршы акция өттү. Бул тууралуу Bashta Telegram каналы жазды.

Видеодо активист Өндүрүш Токтонасыров баштыктан бир табак аш менен бир табак таш алып чыкканын көрүүгө болот. Ал кыргыздарда “таш менен урганды, аш менен ур” деген сөз бар экенин түшүндүрөт. Катышуучу акция Орусиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнүндө болгонун айтты.

Акцияга дагы бир жаран катышты. Ал «согушка жол жок, Путин, кет» деген жазуусу бар плакатты кармап турду. Милиция кызматкерлери келип, алардан тароону суранышкан. Кийинчерээк акциянын катышуучулары кармалып, борбордун Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.