УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бөйрөк оорудан жабыркап жүргөн жаранга үй салып берди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.
Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Гүлжан Абдыразак кызы 1997-жылдан бери бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Жакындарынын болгон мүмкүнчүлүгү менен бир топ медициналык мекемелерде дарыланган. Өзүнүн жеке турак-жайы жок болгондуктан, бир туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Үйгө болгон муктаждыктан улам Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Кайрылган күндөн 2 ай өтпөй туруп, Гүлжан Абдыразак кызына УКМКнын төрагасы тарабынан жаңы турак-жайы курулуп бүттү. Бүгүн, 6-мартта Барпы айылынын аксакалдарынын катышуусунда, Камчыбек Ташиев жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы үйдүн ачкычын Гүлжан Абдыразак кызына тапшырды.