17-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бокс залында Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы менен Улуттук бокс федерациясынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Ага УКМКнын төрагасы жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты. Ал боксчуларды Азия оюндарына узатуу үчүн атайын барып, Олимпиадалык оюндарга лицензия жеңүүгө, акырына чейин күрөшүп, кыргыздын духун унутпашына тилектештигин билдирип жылуу сөздөрүн айтып кетти.