Кечээ, 25-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрация жетекчилеринин, шаар мэрлеринин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын катышуусу менен жыйын өткөргөн.
«Токмок шаарына качан 1 миллиард сом бөлүндү эле? Тарыхта болгон эмес. Ошол акчадан эч кандай натыйжа чыкпаптыр. Жетекчилердин шаарда унаа менен жүргөнүн көрбөйүн. Жөө жүргүлө. Шаардын ар бир жерин жөө басып, карап, суу жетпеген жерге суу жеткирип, тазаланбаган жерин тазалагыла. Силерге талап коймоюн болбойт экен«,- деди төрага.








