Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Ташиев флешка менен кат алганын жана өзүнө болгон коркутууларды айтып берди

18:50 20.11.2024
0
Ташиев флешка менен кат алганын жана өзүнө болгон коркутууларды айтып берди

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш баштагандан кийин өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркутуулар болгонун журналисттерге 20-ноябрда билдирди.

Ташиевдин айтымында, кечээ ал иш сапардан кайтып келгенден кийин дароо анын почтасы аркылуу пакет келгенин билдиришкен. Кат кимден жана кандай жол менен анын үстөлүнө жеткени белгисиз. Алгач катты айрып салган, бирок кийин кайра кагаздарды чогултууга туура келген.

«Катта бир нече жолу «Жеке Камчыбек Кыдыршаевичке» деп жазылган, ал эки-үч жолу оролгон экен. Ичинде флешка бар конверт болгон. Бул катты ким калтырганын аныктоо чоң кыйынчылыкты туудурбайт. Президенттин тапшырмасы менен тергөө жүрүп жатат», — деп айтты Ташиев.

УКМКнын төрагасы флешканы журналисттерге экинчи жолу көрсөтүп жатканын, биринчи жолу президентке көрсөткөнүн белгиледи. Андан кийин каттын мазмуну тууралуу айтып берди. Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратурага, ИИМге жана УКМКга иликтөө жүргүзүү боюнча тапшырма берилген.

«Президент аны көрүп чыгып, иликтөөнү жана изилдөөнү буйруду. Президент анын мазмуну коомчулукка белгилүү болушу керектигин айтты. Эгер мага, президентке же биздин үй-бүлөлөрүбүзгө бир нерсе болуп калса, бул маалыматты эл билиши керек. Катта мен алардын шарттарын аткарышым керектиги жазылган, антпесе алар мени же үй-бүлөмдү жок кыла турганын айтышкан. Бул жерде түздөн-түз коркутуулар бар. Бул ыкмалар атайын кызматтардын же алардын кызматкерлеринин иштөө методикасы экени ачык көрүнүп турат. Аларга ишкерлер жана криминалдык авторитеттер чоң суммадагы акча төлөгөн. Бир таразага менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугун, экинчи таразага алардын каалоолорун коюп коюшкан. Мен уюшкан кылмыштуу топтор жана башкалар менен күрөш баштаганда мындай коркутуулар боло турганын билгем. Алар мага басым жасайт деп билгем, бирок мен күрөштөн баш тартпайм.

Мындай болбойт. Мен силерден коркпойм. Силер менден корккула. Мен элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшкө чыктым. Силер сунуштаган миллиондорду алган жокмун. Силерди биздин өлкөдөн жок кылыш үчүн күрөшүп жатам. Бизде кылмыштуулук да, олигархия да болбойт. Эгер мени жок кылсаңар, мунун баары кайра кайтып келет. Мага зыян келтиришиңер мүмкүн. Бирок мен аман-эсен жүргөндө баштаган жолумдан кайтпайм. Бул адамдар менен болгон «согуш» уланууда. Биздин өлкө мыйзамга баш ийген, демократиялуу өлкө болот. Башка өлкөлөрдөн артта калбайбыз. Бизге тоскоолдуктар болуп жатат, бирок экономикада жылыштар бар. Бул жетишсиз, бул болгону башталышы», — деп билдирди Ташиев.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:32 19.03.2026
0

Бүгүн, 19-мартта УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып, ИИМде сурак берип, андан болжолдуу 5 сааттан кийин чыкты. Ал жерге...

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 19.03.2026
0

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Мындай чечим бүгүн, 19-марттагы жыйында каралып, Жогорку Кеңештин...

Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат

Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:36 19.03.2026
0

Эртең, 20-март – Орозо айт намазы Ош шаарында мечиттерде окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечими менен Орозо айт намазы Бишкекте...

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:33 19.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун сунушунун негизинде, 20-мартта Орозо айт намазын мечиттерде окуу...

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:13 19.03.2026
0

17-март күнү кыргызстандык кары Мухамадали Умаров Саудиянын Жидда шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кайрадан 1-орунду ээлеп, 50 миң сауд риялы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

10:13 19.03.2026
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты

16:32 19.03.2026
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

16:11 19.03.2026
Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет

15:39 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү