УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жыйынында дагы бир жолу коррупция боюнча эскертти.
«Бул жерде жоопкерчиликтүү кызматкерлер отурасыңар. Мен дагы бир жолу эскертип айта кетейин. Мамлекеттик кызматта иштеп туруп, коррупцияга байланышкан кайсы бир иштерди жасай турган болсоңор, катаал чараларга туш болосуңар. Мурдагыдай тааныш-тамыр, жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок. Мамлекеттик кызматка келерде ойлонгула. Иштен чыккан болсоң да, артыңдан кууп барып, жазалайбыз»,— деди ал.