Ташиев небереси менен түшкөн жүрөк элжиреткен сүрөтүн жарыялады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев небереси менен түшкөн жүрөк элжиреткен сүрөтүн жарыялады. Билдирүү «Ата-энемдин үйүнө келдим, баары азыр башкача, мени Альмир неберем тосуп алды» деген жазуу менен коштолгон.


Альмир 2020-жылы туулган. Ал уулу Тай-Мурас Ташиев менен келини Эркеайым Абдуллаеванын тун уулу. Жубайлар ушул жылдын июнь айында Алиша аттуу кыздуу да болушкан.