Таштанды таштоочу жайда табылган жансыз дене чирип кеткендиктен маркумдун жынысын аныктоого мүмкүн болгон эмес

Буга чейин ӨКМден Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанындагы көлмөдө жансыз дене табылганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

Милицияга кечээ, 11-майда таштанды полигонунда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери барышты. Окуя болгон жерден соттук-медициналык эксперттин катышуусунда белгисиз адамдын жансыз денесин кароодо акыркы стадиясында чиригендиктен жынысын аныктоого мүмкүн болгон эмес. Маркумдун жынысын, өлүмүнүн себебин жана убактысын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.