Социалдык тармактарда Беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу 14 жаштагы Саржанга жардам берди. Анын айтымында, ата-энесинин майыптыгы бар. Эжеси да ооруйт. Батир ижарага алып жашашат.
«Атамдын көзү көрбөйт. Апамдын талмасы бар. Эжемдин дагы көзүндө көйгөйү бар жана психикалык жактан артта калган. Бир бир бөлмөлүү ижарага алынган батирде турабыз. Мектептен кийин жумушка чыгам. Жүк ташып, акча табам. Үйдө нан да болбой калат. Ошол үчүн таштандынан нан издеген күндөрүм болду. Мен Кудайдан мындан ары ачка калбасак деп суранат элем. Мага ата-энем аман болсо, болду»,- деди бала.
Беткапчан киши ата-энесинин дарылуусуна, баланын окуусуна акча жана батир белек кылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










