«Таз баш», «Картайган эле неме экенсиң» деген сөздөрдөн кийин 3 ай ТикТокко кирген эмесмин» дейт айдоочу Тикток жылдызы

Акжол Юлдашев аттуу айдоочу Бишкекте автобус айдайт. Жүргүнчүлөр арасында ал «айдоочу ТикТокчу» атка конгон. Жумушу менен хоббисин айкалыштырган шайыр айдоочу менен маек төмөндө.

«Коомдук транспортто тартылган видеону чыгарарда абайлаш керек. Менин досторум, тааныштарым бар. Ошолорго көрсөтөм, анан жарыялайм. Мага куруучу болуп иштегенге караганда, автобус айдаган жеңил сезилген. Бирок бирдей эле окшойт деп койдум», — дейт күлүп.

Ал ошондой эле айтылган сөздөрдөн улам 3 ай ТикТокко кирбей койгонун айтат. «ТикТок ачып 1 миңдей катталуучу топтодум. Эфирге чыксам эч ким кирбейт. Анан бирөөнүн эфирине кошулуп, сүйлөшүп баштаганда «сакалыңдын сенин», «таз баш», «картайган эле неме экенсиң» дегенде 3 ай ТикТокко кирбей койгом. Анан аз-аздан кайра кире баштагам», — дейт ал.