Депутат Тазабек Икрамов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.
Депутаттын пикиринде, шайлоого барбаган кыргызстандыктарга айып пул салынышы керек – ушундай жол менен шайлоочулардын аз катышкан жагдайын оңдоого болот. Президенттик же парламенттик шайлоого жүйөлүү себепсиз барбагандардын бардыгына 5 миң сом өлчөмүндө административдик айып салуу сунушталууда.
Тазабек Икрамов көптөгөн өлкөлөрдө шайлоого катышпаган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салат. Ал ошондой эле шайлоочулардын аз катышуусу «демократиянын негизги принцибинин» бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин белгилейт.