Abank
SerepTV Logo

"Техникалык себептерден алынган". Бишкек менен Чүйдө жол эрежесин бузгандарды каттаган аппараттар кайра пайда болду

"Техникалык себептерден алынган". Бишкек менен Чүйдө жол эрежесин бузгандарды каттаган аппараттар кайра пайда болду
Соцтармак колдонуучулары жол эрежесин бузгандарды каттаган аппараттар кайра пайда болгонун жазып жатышат. Көпчүлүк билгендей, бул жабдыктар жол боюнан бир жылга чукул убакыттан бери көрүнбөй калган эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылганыбызда маалыматты тастыкташып жабдуу кайра ишке киргенин билдиришти. "Техникалык себептерден убактылуу алынган болчу. Бүгүнкү күндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра калыбына келтирди. Кайсы компания, кандай тартипте иштейт - аны Санариптик өнүктүрүү министрлиги жооп берет. Ал эми катталган эреже бузуулар биздин мониторинг борборуна түшөт, почта кызматы аркылуу жеткирилет. Биз мурда кандай кызмат аткарсак, дал ошондой кызматты аткара беребиз", - дешти. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги толук маалыматты бир нече убакыттан кийин берүүнү убадалашты.