Теңдик жана Алтын-Казык конуштарынын тургундары айланма жолду тосуп алышты (видео)

Бишкектин четиндеги Теңдик жана Алтын-Казык конуштарынын тургундары айланма жолду тосуп алышты. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары айтып, видео таратышууда.

Алардын жол тосушуна 2 күндөн бери жарыктын жоктугу себеп болгон. Милиция окуя боюнча үн катып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо үчүн окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлгөнүн айтышты. «Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен биргеликте жашоочулар менен болгон көйгөйлөрдү чечүү жана айланма жолду ачуу үчүн бардык керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ал жерге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги да жөнөп кетти», — дешти алар.