Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы анын кылмыш иши жана камакка алынышы боюнча үн катты. Ал өз кайрылуусун учурда УКМКнын СИЗОсунда отурган Теңгиз Бөлтүрүктүн баракчасына жарыялады.
«Тилекке каршы, менин сүйүктүү жолдошум, кичинекей балдарыбыздын атасы абсурд айыптардан улам арабызда жок. Өзүңөр билгендей, сүйүктүү жолдошум, алты балабыздын атасы түрмөдө. Иш териштирилип жатат, мындай айыптоолор чынчыл, ак ниет жана өз өлкөсүнө жана анын элине берилген адамга коюлганына ишенүү мүмкүн эмес. Биздин бүтүндөй ынтымактуу үй-бүлөбүз адилеттүүлүк сөзсүз жеңет деп ишенет», — деп жазган ал.










