Тышкы иштер министрлиги: «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык»

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы Эрмек Кыштообаев Бишкек шаарындагы маалымат жыйын учурунда билдирди.

Андан социалдык тармактарда тараган суу бөлүштүрүүчү жайдын документтеринин чын-төгүнү жөнүндө сурашты.

«Бул суроо өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн секретариатына берилиши керек, анткени Кыргызстандын комиссиясында тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери бар. Алардын ичинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жана картографтар бар. Алар документтер боюнча так жооп бере алышат», — деди Кыштобаев.

Анын маалыматы боюнча, суу бөлүштүрүүчү жай Кыргыз ССРинин каражатына курулган, акча каражаты Москвадан бөлүнгөн. «Ал өз күчүбүз менен курулган, жаңылбасам, Ош облусунун курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан курулган», — деди Кыштобаев.