Израиль мамлекети менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат.
Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн Ирандагы Элчилигинин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.










