Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

ТИМ: «Кыргызстандын аймагында болуп жаткан окуя Тажикстан тарабынан алдын ала пландалган куралдуу агрессия»

09:15 19.09.2022
0
ТИМ: «Кыргызстандын аймагында болуп жаткан окуя Тажикстан тарабынан алдын ала пландалган куралдуу агрессия»

Тышкы иштер министрлигинен 14-17-сентябрда Кыргызстандын аймагында болгон окуяларды Тажикстан тарабынан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдиришти.

«Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 18-сентябрга карата Кыргызстандын 46 жараны каза таап, 140 жараны жарадар болгон. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болду. Ошону менен бирге эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилди.

Биз тажик тараптын “Тажикстанга куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр.

Тажикстан БУУнун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузган.

Кыргыз Республикасы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргыз тарабы тажик тараптан Кыргыз Республикасынын аймагына кол салуу боюнча аткарылгыс пландардан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууну көздөгөн максаттардан баш тартууну талап кылат.

Мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып келип, куралдуу күчтөрдү жана оор аскердик техниканы колдонуп, чек ара жана жарандык объектилерге, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салып, Баткен шаарынын райондук борборун аткылаган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видео материалдар бар).

Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку макулдашууларга карабастан, тажик тарабы чагымчыл аткылоолорду улантып, Кыргыз Республикасынын Баткен районундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз.
Тажик тарабынын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун духуна каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракеттер болуп саналат.

Тажик тарабынын туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрүнүн жаңжалга активдүү катышуусу өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Тажик тарабынын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, тажик тарабы баштаган жаңжал карапайым калктын, аскер кызматкерлердин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян алып келди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тек гана тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылчылыгын дагы бир жолу ырастайт»,— деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү