Орусияга аба каттамы аркылуу кирген бардык чет өлкөлүк жарандарга, алардын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына карата Орусиянын аймагына киргенге чейин эки календардык күндөн эрте эмес тапшырылган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
«Ошол эле учурда, кургактык өткөрүү пункттары аркылуу кирген Кыргыз жарандарынан COVID-19 боюнча ПЦР-тест талап кылынбайт», — деп айтылат маалыматта.