«Тойдон кийин тон керек» дегенди такыр эстен чыгардык». Муфтий ысырапкерчиликти сындады

«Тойдон кийин тон керек» дегенди такыр эстен чыгардык». Бул тууралуу муфтий Замир Ракиев билдирип, ал ысырапкерчиликти сындады.

Муфтийдин айтымында, Куранда ысырапкорчулуктан сактануу жана ысырап кылуучуларга эскертүү деген жыйырмадан ашык жер бар. «Ислам динибизди же дүйнөлүк илимдерге көз чаптыра турган болсок, ысырап кылуу, байлыкты жөнү жок чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Элдин турмушу оңолуп, жакшырган сайын ысырапкорчулук көбөйүп жатат. Элибизде «Чөптү ысырап кылсаң, көзгө зыян» дейт. Бүгүнкү ысырапкорлуктун зыянын эртең тартып калбайбызбы? Канчалаган уул-кыздарыбыз чет жака чыгып, безерип иштеп, ичпей-жебей жылдап чогулткан каражатын 2-3 күндө сарптап, ысырап кылышууда. Биз «Тойдон кийин тон керек» деген накыл кепти таптакыр эсибизден чыгаргандайбыз», — дейт Замир Ракиев.

Муфтийдин билдирүүсүнө ылайык, ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык болсо, кайдыгерлик болгон жерде түркөйлүк болот. Ашыкча чыгымдарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы боюнча Дин башкармалыктын алдындагы бардык расмий дин кызматкерлерине атайын буйрук чыгып, имамдарды окутуу жана айыл аймактарда калкка түшүндүрүү иштери башталганы маалымдалган.