Токмокто 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жигиттин апасы президентке кайрылды (видео)

Социалдык тармактарда Токмокто 16 жаштагы кызды зордуктады делген жигиттин апасынын президентке кайрылган видеосу тарады.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, урматтуу жарандар мен силерге кайрылууга мажбур болуп жатам. Менин уулумду жашы жете элек кызды зордуктоого шектеп, камаганы жатышат. Алар милицияга арыз жазышыптыр, а биздин колубузда уулумдун күнөөсү жок экенин тастыктаган документтер бар. Бирок кыз менен апасы «бизге 2 бөлмөлүү батир, унаа алып бербесеңер, ишти жаппайбыз» деп жатышат. Уулумдун сүрөттөрүн соцтармактарга таратып жатышат. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранабыз»,- деди ал.

Буга чейин милиция Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, бейтааныш аял тарабынан сабалганы тууралуу маалымат беришкен. Кийинчерээк Токмок ШИИБ окуянын жаңы жагдайларын айткан. Иш боюнча тергөөнү ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алган.