Токмокто зордукталып, сабалды делген 16 жаштагы кыздын окуясы боюнча Токмок ШИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.
— 19-июль күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ю.И. тарабынан зомбулук болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобу аталган окуя боюнча жерине барышкан. Андан соң 16 жаштагы кыздын атасы Ю.И. аттуу жаран алардын үйүнө келип, үй-бүлөсүнө «доо арыз жазып бергиле» деп курал менен коркутуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты электрондук китепчеге катталган. Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында Ю.И. тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак учурунда аталган маалыматты четке каккан. Ошол күнү аны каралоо болорун билип, арыздануучу менен сүйлөшкөн аудио, видео жазууну далил катары берген. Ага ылайык, Ю.И. тарабынан коркутуу болбогону, курал колдонулбаганы аныкталган.
Учурда окуя боюнча керектүү бардык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 1993-жылы туулган Ч.Р. жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми кыздын мейманканада зордукталуусу боюнча, шектүү Ю.И. мейманканага кыздын сурануусу менен алып барганын жана ал жакта бир сааттай болуп, кайра кеткенин, аны зордуктабаганын билдирген. Мейманкананын кызматкерлери зомбулукка эч кандай шек болбогондугун айтышты. Учурда жабырлануучунун көрсөтмөлөрү менен окуяга тийиштүү адамдардын көрсөтмөлөрү дал келбей жаткандыктан окуя тыкыр териштирилүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, бейтааныш аял тарабынан сабалган делген маалымат чыккан.