Токмокто 16 жаштагы кыздын зордукталышы. ИИМ башчысы тергөөнү көзөмөлүнө алды

Токмок шаарындагы зордуктоо фактысынын тергелишин ИИМдин жетекчилиги көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Токмок шаарында жашы жете элек кызга карата жасалган кылмыш боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул ишти ар тараптуу тергөө үчүн иш ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды. Андан сырткары, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Чүй ОИИБдин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди»,— деп айтылат маалыматта.

Буга чейин милиция Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, бейтааныш аял тарабынан сабалганы тууралуу маалымат беришкен. Кийинчерээк Токмок ШИИБ окуянын жаңы жагдайларын айткан.