Abank
SerepTV Logo

Токмокто таң эрте таксист келиндин төрөтүн кабыл алды деген видео тарады

Токмокто таң эрте таксист келиндин төрөтүн кабыл алды деген видео тарады
Токмокто таксист келиндин төрөтүн кабыл алды деген видео тарады. Видео менен tokmok_live баракчасы бөлүштү. Маалыматка караганда, төрөттү Токмок шаардык ооруканасынын Тез жардам кызматында иштеген Айдар Окмодоев кабыл алган. Ал иш күнү бүткөндөн кийин такси айдайт. Айдоочу 5-февралга караган түнү саат 04:30 чамасында буйрутма кабыл алган. "Жерине барганда мен кош бойлуу келинди алып барарымды түшүндүм. Жолдо көз жарды. Баланын ыйлаганын угуп, бала төрөлгөнүн түшүнүп, унааны жылуу кылып, ооруканадагы кесиптештерим менен байланышып, аман-эсен Токмок шаарындагы төрөт үйүнө алып бардым", - деди ал.
Токмок шаарындагы төрөт үйүнөн эненин абалы канааттандырарлык экенин, эркек бала дени сак төрөлгөнүн билдиришти.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ТОКМОК ИНФОРМАЦИОННЫЙ ПОРТАЛ ?? (@tokmok_live)