Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйыны өттү.
Депутаттар Баткен облусуна статус берүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатканда, жыйында отурган Токтайым Үмөталиева жанында отурган аялга массаж жасады. Бул видео коомчулукка тарап, талкууга алынды.
Үмөталиева журналисттерге окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди. «Министр жыйынга келди. Ал бет капчан отургандыктан, кубарып, жөтөлө баштады. Мен андан кетишин сурандым, бирок ал кете албарын айтты. Андан кийин мен ага бет капты алып салуусун айтып, оору чекиттери боюнча дренаж жасай баштадым. Кесиптик лицейде бизге биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүшкөн», — деди ал.