Токтогулда дааратканага ташталган ымыркайдын энеси чала таанышы тарабынан зордукталганын айткан

Жалал-Абадда дааратканага ташталган ымыркайдын энеси милицияга сурак берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өз көрсөтмөсүндө ымыркайдын атасы тууралуу сураган учурда, окуя Бишкек шаарында сырттан тааныш жигит тарабынан зордуктоо болуп, натыйжада боюнда болуп калгандыгын айткан.

«Бул көрсөтмөсүнүн негизинде материал жеринде караштуулугу боюнча Бишкек шаарына жиберилет. Бирок учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен иш аягына чейин тергелип юридикалык баа берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну 7-август күнү Токтогул шаарына барган. Анын курбусу Токтогул шаарында жашагандыктан 10-август күнү бир күн түнөө үчүн курбусунукуна барган. Ошол күнү төрөп, ымыркайды дааратканага таштап салган.