Тоңдо 19 жаштагы кыз өз жанын кыйган күнү жигитин жерге берген

Кечээ, 28-октябрда Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси көлдүн жээгинде асылган абалда табылганы маалым болгон. Анын жансыз денеси “Эклап” пляжынын көл жээгиндеги навестин алдында табылган. Милиция жансыз денени кароо учурунда криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен.

Бүгүн жергиликтүү басылмалардын бири кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйгандыгын жазып чыкты. Маалыматка караганда, кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Анын сөөгү 26-октябрь күнү жерге берилген. Ал эми айыл тургундары ошол күнү аталган кыз жигитин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барганын, ал жерден Эшперов айылына бир унаа менен келгенин, бирок үйүнө кирбей, башка унаага түшүп кеткенин, анан көл жээгине барып, бастырмага асынып алганын айтышкан.