Кечээ, 11-июлда саат 22:58де “Суусамыр” подстанциясында авариялык өчүрүү болгон. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 35 кВ болгон кабелдик линиясынын жабыркагандыгынан улам электр энергия өчүрүлгөн. Ал өз учурунда “Суусамыр” подстанциясы менен бириктирилген. Мындан улам, Төө-Ашууда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. “Окуя болгон жерде оңдоо иштери жүрүүдө. Жакын арада электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет”, — деп айтылат маалыматта.










