Төө-Ашууда кар түштү (видео)
Төө-Ашууда кар түштү. Учурда кар эрий элек. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Милиция айдоочуларды Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолдорунда жол эрежесин сактоо жана жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкпоого чакырат.
Синоптиктер 4-октябрдан тартып тоолуу райондордо жаан жаай турганын, бийик тоолуу райондордо кар түшөрүн билдиришкен.