Кечээ, 12-июнь күнү Төө-Ашуудагы туннелде суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Көйгөйдүн себеби — суу өткөрүүчү түтүктө кумдуу калдык толуп, ошол себептен суу туннелдин ичиндеги жолду каптаган. Түнкү саат 22:30 чамасында жол кызматкерлери тарабынан түтүк тазаланып, суу кеткен. Бул тууралуу «Кыргыз авто жол» ишканасынан маалымдашты.
Бүгүн, 13-июнда абал кайталанып, зарыл техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдө. Суу өткөргөн эски түтүктө пайда болгон кемчиликтерине байланыштуу, жол кызматкерлери тарабынан түтүктөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү Төө-Ашуудагы тыгындардын себеби – бул туннелдин жолун оңдоо жумуштары. Саат 14:00 – 16:00 чейин тыгындар пайда болгон. Бул убакытта бекилген график боюнча иштер аткарылат.