Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу, 12-июлдан тартып, 18-июлга чейин унааларды туннелден өтүү кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
🔹Туннелдин ичин убактылуу жабуу убагы төмөндөгүдөй:
- 05:00дөн тартып, 08:00гө чейин;
10:00дөн тартып, 12:00гө чейин;
14:00дөн тартып, 16:00гө чейин.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда, алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат. Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.