Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-8-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бул күнү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болуңуздар.












