Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз тилге астейдил мамиле кылууга чакырды.
«Башка улуттар бар, муну карашыбыз керек» деп жүрүп, тилдин акыбалын көрүп жатасыңар. Өтө кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп, популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап жатабы мамлекеттик тилди билсин, сүйлөсүн. Кошоматтын кереги жок»,- деди төрага.