Төрага Нурланбек Шакиев Таш-Көмүр – Кызыл-Жар жолундагы оңдоп-түзөө иштерин жеринде көрдү

Кечээ, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен – Таш-Кѳмүр  автоунаа жолунун курулушу менен таанышты. Тагыраагы аталган жолдун Таш-Көмүр – Кызыл-Жар тилкесиндеги асфальттоо иштерин жеринде көрдү. Учурда бул тилкенин 10 чакырымы оңдолууда.

Төрага Нурланбек Шакиев Кербен – Таш-Кѳмүр жолу аймак үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: “Калктын социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишинде жолдордун таасири чоң. Андыктан мамлекет тарабынан унаа жолдорун оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн кан тамыры болгон каттамдарды ачуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.

Муну менен катар жолдордун сапатын тыкыр көзөмөлдөө керектигин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы пландалган жолдун курулушун убагында бүткөрүүгө чакырды. Жергиликтүү эл буга чейин аталган жолдун начардыгы калкка ыңгайсыздык жаратып келгенин айтып, жолдун оңдолушуна түздөн-түз көмөк көрсөткөн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдиришти.