Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы мекендештер менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британиядагы расмий иш сапары башталды. Бул сапар Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери алгач ирет уюштурулууда.

Кечээ, 5-мартта төрага Улуу Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды. Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген төрага: «Саясий-экономикалык алакалардан тышкары, жарандарды иш менен камсыздоо жаатында алгылыктуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотанын саны он миңге көбөйтүлдү», — деди. Андан тышкары, Кыргызстандагы акыркы реформалар тууралуу сөз кылган төрага: “Мамлекеттин башкы максаты калк турмушун жакшыртуу менен өз өлкөсүндө бактылуу өмүр сүрүүсүнө өбөлгө түзүү. Ага ылайык, бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди. Муну менен катар чет жерде эмгектенген жарандарды ата конушу Кыргызстан ар дайым күтөрүн белгилеген Нурланбек Шакиев аларды бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктады.

Мекендештер бир катар маселелерге токтолуп, анын ичинен жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишин жөнгө салууну өтүнүштү. Алардын айтымында айрым учурда келишимдер так аткарылбай, көйгөйлөр жаралган учурлар арбын. Нурланбек Шакиев айтылган бардык маселени эске алып, көйгөйлөрдү чечүү багытында тийиштүү мекемелер менен керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

2012-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканын айткан G’s Fresh айыл чарба фермасынын жетекчиси азыркы тапта 400дөй адам иштей турганын, анын 100дөн ашууну кыргызстандыктар экенин маалымдады. Ошондой эле козу карын, пияз, кулпунай өңдүү жер-жемиш азыктары өндүрүлүп, чыгарылган продукция Улуу Британиядагы муктаждыктын 40 пайызын камсыздай турганын кошумчалады.