Дүйшөмбү, 02.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Төрага Талант Мамытов Орусия федерация кеңешинин төрайымы менен жолукту

17:47 15.04.2021
0
Төрага Талант Мамытов Орусия федерация кеңешинин төрайымы менен жолукту

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар жолугушууда бир катар маселелерге токтолуп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылышты. Муну менен катар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча ой бөлүштү.

Төрага Талант Мамытов парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап калыптанган өз ара байланышты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко 2021-жылдын 11-апрелинде Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Төрайымдын айтымында, Федерация кеңешинин делегациясы Кыргызстандагы референдум жогорку деңгээлде, ачык жана демократиялык шартта өткөнүн белгилеген.

«Кыргыз Республикасында Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү маанилүү кадам болду, анткени Конституция бардык мамлекет үчүн негизги мыйзам болуп эсептелет», — деди Валентина Матвиенко.

Ал эми төрага Талант Мамытов төрайымга Кыргызстандагы референдумга жана шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө, алардын өткөрүлүшүнө мониторинг кылуу үчүн ассамблеянын байкоочуларын жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле төрага  Баш мыйзамдын долбоору  боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо  максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда  шайлоочулардын 80 пайыздан ашууну башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
23:14 29.01.2026
1

  Мурдагы депутат Исхак Масалиев BBC’ге берге комментарийинде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси фундаменталдуу жана туруктуу экенин айтты. "Буларды мурунку эки...

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Автор СЕРЕП МЕДИА
22:16 29.01.2026
1

  Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда — быйыл, 2026-жылы өткөрүү мыйзамдуу экенин билдирди. Анын айтымында,...

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү