Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде төрөт учурунда дарыгерлер убагында жардам көрсөтпөгөндүктөн баласы жерге кулаганын айткан эне билдирүү тараткан. Орун алган бул окуя тууралуу айтып, биздин телеканалга акыйкаттык издеп жаңы эле көз жарган Элеонора Нурдинова кайрылган.
Бүгүн, 18-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги эне менен байланышканыбызда, алардын үйгө чыкканы маалым болду. «Ишемби күнү чыктык. Баламдын абалы жакшы. Дарыгерлер ай сайын текшерилүү керектигин билдиришти»,- деди ал.
Ал ошондой эле видео чыккан соң, ымыркайга тамак, коляска алып баргандар, акчалай жардам бергендер болгонун айтып, кол сунгандарга ыраазычылык билдирди.