Төрөттөн каза болгон 19 жаштагы келиндин жолдошу: «Иштен алынган дарыгерлер бир аз убакыттан кийин эле кайра иштешет да»

Бүгүн, 3-февралда Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму өттү. Анда Чүй облусундагы Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндөгү 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралып, бир катар кызматкерлерге чара көрүлдү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон келиндин жолдошу Бексултан Төрөгелди уулу менен байланышканыбызда, министрдин чечими туура болгонун, бирок бир аз убакыттан кийин эле ал дарыгерлер кайра жумушка кирип аларын айтып, кооптонуу жаратканын билдирди. «Дипломдорунан да ажыратышы керек болчу. Анткени булар бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра ооруканага барып иштешет деген ойдо болуп жатам. Албетте, эми өлгөн кишини тирилте албайбыз, бирок мындай калтырып койгон деле туура эмес го», — деди ал.

SuperTV телеканалына Кант шаарынын тургуну Бексултан Төрөгелди уулу кайрылып, 19 жаштагы жубайы төрөттөн улам каза болгонун айткан эле.