Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды.
Атап айтканда:
![📌](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t5/1.5/16/1f4cc.png)
Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен:
![🔹](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png)
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;
![🔹](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png)
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;
![🔹](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png)
эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;
![🔹](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png)
мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;
![🔹](https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png)
ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.