«Манас» эл аралык аэропортунда 29-декабрга караган түнү коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Кувейттен «Джазира», Дубайдан «Флай Дубай» жана Шарджадан «Эйр Арабия». Ошондой эле, Москвадан «АвиаТраффик» жана Делиден «Аэро Номад Эйрлайнс» учактары Оштогу кошумча аэродромго конду. Андан сырткары Маскаттан «Салам Эйр» учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго конгон. Ички каттамдар дагы кармалууда.
Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
- «Манас» — 0 312 693109;
- «Ош» — 0 3222 90101.