Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси: «Кылмыш иши козголгонун силер менен чогуу азыр билдим»

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Кылмыш иши козголгонун силер менен эле чогуу азыр билдим», — деди ал депутаттарга кайрылып. Ал буга чейин бул тууралуу билбегенин айтты.

«Ооба, тинтүү кеңседе да, менин үйүмдө да мен жок болгон. Ошондой эле кызматкерлердин үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн. Себеби белгисиз болчу», — деди ал.